Биз менен байланышыңыз

Түркия ТИМи чек арадагы окуяга тынчсыздануусун билдирди

Кыска кабар | 17 Сен 2022 | 661 | 0

Түркиянын тышкы иштер министрлиги Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы куралдуу кагылышууга тынчсыздануусун билдирди.

«Биз эки дос жана тууган өлкөлөрдүн ортосундагы чыңалуу басаңдап, ок атуу тез арада токтойт деп ишенебиз. Ошондой эле абал кандайдыр бир эскалацияга жетпей, тынчтык жолу менен диалог аркылуу чечилет деген үмүттөбүз» — деп айтылат Түркия ТИМинин билдирүүсүндө.

Белгилей кетсек, кыргыз-тажик чек арасындагы тажик тараптын агрессиясы 14-сентябрда башталган. Анда эки тараптуу сүйлөшүү болуп, ок атпоого келишкен. Бирок, 16-сентябрь таң эрте Кыргызстан тарапка беш аймакка бирдей убакытта кол салууну баштаган. Кечээ, 16-сентябрь 16:00дө кайрадан ок атпоо келишимине макул болуп, бирок көп өтпөй кайрадан саат 18:30да келишимди бир тараптуу бузган.

Учурда чек арадагы абал чыңалуу бойдон турат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM