Биз менен байланышыңыз

Жогорку Кеңеш чукул жыйынга чогулду

Кыска кабар | 16 Сен 2022 | 660 | 0

Бүгүн, 16-сентябрда Жогорку Кеңештин депутаттары кайрадан чукул жыйынга чогулду. Учурда жыйын жабык эшик артында өтүүдө. Мындай маалыматты параменттин басма сөз кызматы тастыктады.

Буга чейин төрага Талант Мамытов түшкү саат 13:00дө Жогорку Кеңешти кезексиз жыйынга чакырып, Баткендеги чек ара маселесин жабык эшик артында талкуулашкан.

Ошол эле учурда бүгүн Ак үйдүн алдына эл чогулуп, депутаттардан чек ара маселесин чечүүнү талап кылышкан.

Жогорку Кеңеш Ош жана Бишкек шаарларында өзүнүн штабын ачууну убадалаган.

Copyright © 2017 Maral FM