Биз менен байланышыңыз

Акыйкатчы тажик тарап менен сүйлөшүү жүргүздү

Кыска кабар | 16 Сен 2022 | 117 | 0

Кыргызстандын Акыйкатчысы Атыр Абдрахматова Тажикстандын Омбудсмени Умед Бобозода менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Акыйкатчы Абдрахматова эреже боюнча аскер кызматкерлери тарабынан ок атуучу куралдарды, куралдуу күчтөрдү, оор аскердик техниканы колдонууга жол берилбестигин баса белгилеп, тажик кесиптешине Тажикстандын аскер кызматкерлерин ок атууну токтотууга чакыруу өтүнүчү менен кайрылды.

Акыйкатчы белгилегендей, Кыргызстандын аймагындагы тынч элге, жарандык объектилерге аткылоодон аялдар, балдар жабыркап курмандык болууда, элдин үйлөрү, социалдык инфраструктурасы өрттөлдү. Ошол эле учурда Тажикстан Республикасынын да тынч жашап жаткан жарандардын “тирүү калкан” катары колдонулушу жалпы адам укуктарын бузууда.

Сүйлөшүүдө Кыргыз Республикасынын аймагын жана Кыргызстандын жарандарын аткылоону токтотуу максатында Абдрахматова аткыланган аймакта эки тараптуу жолугушуу өткөрүүнү сунуштады. Тараптар үзгүлтүксүз байланышта болууну макулдашышты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM