Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда мамлекеттик чек ара линиясында ок атууну толук токтотуу жөнүндө макулдашууга жетишилди.
Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Чек ара аскерлеринин бардык кошуундарына жана башка түзүмдөрүнө мамлекеттик чек аранын жалпы чеги боюнча ок атышууну токтотуу буйругу берилди.
Тараптардын тиешелүү комиссиялары түзүлүп, анын курамына Президенттин Баткен облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү, Ички иштер министринин орун басары, облустун ички иштер башкармалыгынын жетекчилери, УКМКкын жетекчилиги кирген.
Азыркы учурда тараптардын комиссиясынын мүчөлөрү “Кызыл-Бел” постунда ок атышууну толук токтотуу жана кырдаалды турукташтыруу боюнча биргелешкен иштерди улантып жатышат.
Жеринде эки өлкөнүн УКМК башчылары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов иш алып барууда.