Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан менен Тажикстан ок атышууну токтотууну макулдашты

Кыска кабар | 16 Сен 2022 | 2333 | 1

Кыргызстан менен Тажикстандын УКМК жетекчилери Камчыбек Ташиев жана Саймумин Ятимов саат 16:00дө ок атышууну токтотууну макулдашты.

Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы кабарлады.

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда жабыркагандардын саны саат 15:00гө карата 42ге жетти. Анын ичинен 19 жабырлануучу Баткен облустук бириккен ооруканасында, 18и Лейлек райондук ден соолукту чыңдоо борборунда, дагы 5 адам Лейлек райондук ден соолукту чыңдоо борборунан Бишкек шаарындагы саламаттыкты сактоо уюмдарына жеткирилген.

Жабырлануучулардын абалы жана диагнозу тууралуу маалымат бериле элек.

1 пикир

1 пикир

  1. Кыргыз баласы

    16.09.2022 17:38

    Ушул Саймумин Ятимовдун жүзү күлүп турат согуш кылып бастырып киргени аз келгкнсип квйра учурпшып кол бергенин кара Аллахтын каргышы болсун жер талашканды гөр кысат деечү беле!
    Урушту баштап койуп кайра кайра элдешип учураша берет экен эки жүздүү

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM