Биз менен байланышыңыз

Кызыл-Белде Баткен менен Согди облус башчыларынын жолугушуусу пландалууда

Кыска кабар | 16 Сен 2022 | 193 | 0

Чек ара кызматы билдиргендей, 16-сентябрь саат 09:30га карата кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал дагы эле турукташа элек.

«Кызыл-Бел» көзөмөл өткөрүү жайында Кыргызстандын Баткен облусу менен Тажикстандын Согди облусунун жетекчилеринин жолугушуусу пландалууда. Ага эки тараптын чек ара өкүлдөрү да катышат.

Чек ара кызматы Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасынын бардык периметри боюнча атышуу уланып жатканын белгилейт. Тажик тарап танктарды, БТР, БМП жана миномётторду колдонууда.

Кыргызстандын чек арачылары тажик тарапка жооп кылып, тажик тараптын атышуусун токтотууга мажбурлоо максатында колдо болгон бардык техниканы жана куралды колдонуп, ыкчам чараларды көрүүдө.

Баткен: чек арадагы соңку кырдаал (жаңыланууда)

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM