Биз менен байланышыңыз

Акыйкатчы: зомбулукка кабылып милицияга кайрылган аялдарды шылдыңдагандар бар

Коом | 14 Сен 2022 | 541 | 0

Кыргызстандын акыйкатчысы Атыр Абдрахматова Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында зомбулук маселесине байланыштуу маалымат берди. Ал зордук-зомбулукка учурап, милицияга кайрылган аялдардын өздөрүн күнөөлөп, шылдыңдап койгон учурлар болуп жатканын айтты. Акыйкатчы Ички иштер министрлигин бул көйгөйгө көңүл бурууга чакырды. Акыйкатчы институту тарабынан көйгөйдүн алдын алуу аракеттери көрүлүп жатат. Учурда социалдык тармактарда атайын жашыруун кайрылуу баракчалары ачылган. Ал жакка ар кандай сексуалдык жактан ыдык көрүп кайрылган өспүрүм кыздар, балдардын саны өсүүдө.

Омбудсмен Атыр Абдрахматова Жогорку Кеңештин тармактык комитеттеринин биргелешкен жыйынында зомбулукка кабылып, милицияга кайрылган аялдардын үстүнөн күлгөн учурлар көбөйгөнүн айтты.

«Жабыркаган аял, балдарга басмырлоо, шылдыңдоо аракеттери бар. Teens.kg деген инстаграмм баракчасынан маалымат алдык. Анда 18 жаштагы кыз өзүнүн бий үйрөткөн агайынан ыдык көргөн. Милицияга кайрылышканда «эмне келдиң» деп өзүн шылдыңдашкан. Ал эми азыркы жаштар да кыйын, аларды аудиого жаздырып алган. Учурда милиция тарабынан ушундай системдүү көйгөйлөр бар. Жашы жете элек өспүрүмдөрдүн иштери боюнча инспекторлордун жетиштүү иш алып барбоосу ачык. Акыркы эле фактыга таянсак, Бишкекте 12 жашар кызды милиция кызматкерлери өздөрү аралашып, зордуктап жүрүшкөн. Учурда ал кыз 13 жашта».

Жабырлануучунун укук коргоочу тарабынан шылдыңдоого кабылганы боюнча ачыкка чыккан биринчи окуя эмес. Бир жыл мурун 27 жаштагы Айзада Канатбекованы топ бала ала качкан. Аны издөөгө берүү үчүн апасы милиция кызматкерлерине кайрылганда дал ушундай абалга туш болгон. Жыйынтыгында, эки күндөн кийин Канатбекованын жана аны уурдаган Замирбек Теңизбаевдин сөөгү Бишкектин четиндеги айылдан табылган.

«Тергөөчүлөр «Той жейсиңер, ачуу басар келет деп» күлүшкөн. «Сарсаана болбогула, той жейсиңер» дешкен. Жинибиз келип эле «Көп сүйлөбөчү!» деп урушуп салдык. Акыл эси ордуда болгон адам чалып, кызыңар бул жак, кабатыр болбогула деп айтмак дедик».

Ички иштер министрлигинин өкүлү Абдрахматованын сынына жооп берген жок.

Ал эми аталган министрликтин басма сөз кызматкери Адинай Шаршеева эгер милиция тарабынан жабырлануучуга карата орой мамиле кылган фактылар Акыйкатчыда бар болсо, ИИМге кайрылууга болорун билдирди.

«Ички иштер министрлигинин жетекчилиги тарабынан ички иштер органдарында жабырлануучулардын арыз, даттанууларын, кайрылууларын кабыл алуу жана алар боюнча мыйзам чегинде ыкчам чараларды көрүү боюнча тапшырмалар берилип келген. Бул учурда ИИМдин жетекчилигинин көзөмөлүндө. Мындан сырткары жабырлануучуларга орой мамиле кылуу боюнча фактылар Акыйкатчыда бар болсо, Ички иштер министрлигине кайрылса болот».

Учурда өспүрүмдөрдү жана жаштарды зордук-зомбулуктан жана психикалык травмалардан коргоо максатында Teens.kg долбоору иштеп жатат. Демилге ЮНЕСКОнун жардамы менен ишке киргизилген.

Долбоордун алкагында атайын инстаграмм баракчасы ачылган. Ага күнүнө 10-20 сексуалдык жактан ар кандай ыдык көргөн кыздар жашыруун түрдө кайрылып, онлайн кат жөнөтүшөт.

Демилгенин башкы редактору Элина Туралыеванын айтымында, кыздар окуясын жакындарына айтуудан коркуп, тартынып, аларга кайрылышат. Алар инстаграмм баракчасы аркылуу келген жашыруун каттардын негизинде жабырлануучуларга жардам берет.

«Бизге күндө 3-5, кээде 10-20га чейин кыздан инстаграм баракчабызга кайрылуу түшөт. Көбүнчө зордук-зомбулук боюнча. Бардык окуялар анонимдик түрдө биздин соцтармактарыбызга жүктөлөт. Зордук-зомбулукка көбүнчө кыздар, ошондой эле жаш өспүрүм кыздар, эркек балдар дагы кабылышат. Көп учурда жакындары эле зордуктап койгон болот. Мисалы, 5-6 жашында атасы, байкеси, жездеси, чоң атасы деле кичинекей кызды зордуктап койгон фактылар бар. Жыныстык органдарын кармалап жана өпкөн учурлар да бар. Кээде кыздар туугандарынан боюна бүтүп калышат. Эң биринчиден, биз аудиториябызга маалымат берип, колубуздан келишинче психологиялык жардам беребиз. Андан соң өнөктөштөрүбүзгө жиберебиз жардам берсин деп. Командабызда 25-35 ыктыярчыбыз бар, өзүнчө кыргыз тилиндеги контент боюнча кичи-команда иштейт. Долбоор 2017-жылынын аягында ачылган».

Балдардын укугун коргоо лигасынын жетекчиси Назгүл Турдубекова милициянын мындай мамилесине өзү да бир нече жолу күбө болгон. Ал бул көйгөй мамлекеттик деңгээлде тез арада чечилбесе, кийинки убакта энелерди жана балдарды коргоого өкмөт тараптан мүмкүнчүлүк болбой каларын эскертти.

«Кыргызстанда балдарын, энелердин укугун зомбулуктан коргоо үчүн биринчи кезекте, ИИМ тарабынан кадр саясатын, маселесин оңдоо керек. Ошондой эле реформа кылуу кылуу керек. Тергөөчүлөрдүн профессионалдык деңгээли төмөн экени көп учурда байкалат. Тажрыйбасы аз адистер иштеп жатышат. Бул маселе тез арада чечилбесе, өкмөт тарабынан энелердин, балдардын укугун коргоо мүмкүнчүлүгүнөн ажырайбыз».

Ички иштер министрлигинин маалыматына таянсак, быйыл жети айда балдарга карата сексуалдык зомбулукка байланыштуу жалпысынан 121 кылмыш иши тергелип, анын 80и сотко жөнөтүлгөн.

Балдарды зордуктоо фактысы боюнча 39 кылмыш иши тергелип, анын 25и сотко өттү, үч кылмыш иши токтолуп, дагы 11 кылмыш ишин тергөө уланууда.

 

 

 

Copyright © 2017 Maral FM