Биз менен байланышыңыз

Жети-Өгүздө эки айылга таза суу жетип, мектепке заманбап даараткана курулду

Коом | 12 Сен 2022 | 698 | 2

Өлкөнүн алыскы аймактарында жайгашкан айылдарды таза суу менен камсыз кылуу, ошондой эле ал жактагы санитардык-гигиенаны жакшыртуу максатында «Айылды суу менен камсыз кылуу жана санитарияны туруктуу өнүктүрүү» долбоору иштеп жатат. Аны ишке ашыруу үчүн Ысык-Көл, Чүй жана Ош облусунда жайгашкан айылдар тандалган. Учурда долбоордун алкагында Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районунун 2 айылы толук таза суу менен камсыз болду. Мындан сырткары дагы 2 айылда курулуш иштери жүрүп жатат. Демилге Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги (АРИС) тарабынан ишке ашырылууда. Ал эми долбоор Бүткүл дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган. 

Ысык-Көл аймагынын Жети-Өгүз районунун Тамга айылынын тургуну Кыдырбай Кожобергенов жана анын кошуналары мурун сууну алыстан ташып келишчү. Ал учурда ар бир үй таза суу менен камсыз болгонун, элдин жашоо шарты бир топ жакшырганын айтты.

«Таза суу берилгени биз үчүн жакшы болду. Мурун биз сууну арыктан же болбосо алыстан машина менен ташып келет элек. Ошондой эле 300-400 сомго суу сатып алчубуз. Ал эми азыркы күндө ар бир үйдүн ичинде жуунучу жер жана даараткана бар. Эми сууну ташып келип убара болбойбуз. Өзгөчө кыштын күнүндө кыйын болчу. Таза сууга 33 сом 29 тыйындан төлөп жатабыз. Мындан сырткары сууну сатып да ичет элек».

Тамга айылында 52 жыл мурун курулган суу системасы иштеп келген. «Тамга суу» муниципиалдык ишканасынын директору Уран Маматов жергиликтүү калктын 80 пайызы таза суу менен камсыз болгонун билдирди.

«Таза суу долбоору 2019-жылы башталып, 2021-жылы 1-майда ишке берилген. Айылда 3 миң 570 адам жашайт. Анын 80 пайызы суу менен камсыз болду. Калган 20 пайызын айыл өкмөттүн каражатынан чыгарып беребиз. Долбоорду ишке ашыруу үчүн алдыга бир топ пландар коюлган. Мисалы, суу алууну куруу, сууну заяндуу заттардан тазалоо станциясын орнотуу жана башка керектүү шарттарды түзүү болчу. Учурда суунун сапаты жакшы. Тийиштүү текшерүүлөрдөн өткөн».

Муну менен катар, санитардык-гигиеналык шарттарды жакшыртуу иштери да жасалууда. Ушул эле айылда жайгашкан «Тамга» жалпы билим берүү мектебинде окуучулар үчүн мекеменин ичинде заманбап талапка ылайык даараткана, кол жууй турган жай, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн кабиналар курулду.

Мектептин 7-классынын окуучусу Айжаркын Алмабекова мурда кол жууй турган жай жетишпегенинен улам жугуштуу оорулар менен ооруган балдар көп болгонун айтат. Мындан сырткары, даараткана мектептин короосунда болгондуктан, окуучуларга кышында чыгып келүү кыйын болчу.

«Таза сууну мектептин ичине киргизгенге чейин даараткана сыртта болчу. Ошондой эле кол жуучу жайлар аз болчу. Ашкананын жанында гана жайгашкан кол жуучу жай бар эле. Бири-бирибизди күтүп калып, сабакка да кечигип калат элек. Ал эми азыркы учурда даараткана ичинде. Жылуу суу, муздак суу экөө тең бар. Бул долбоор бизге ушундай ыңгайлуу шарттарды түзүп берди. Мектеп 3 кабат. 3 кабатта тең балдар жана кыздар үчүн бөлөк дааратканалар кол жуучу жайлары менен бар. Баарыбыз кубанычтабыз».

Бул мектепте 600дөн ашык окуучу, 50 мугалим бар. Мектептин директору Айнура Саалаева долбоордун адистери санитардык-гигиена боюнча мугалимдерди атайын окуу курсунан өткөрүп турушат. Анын негизинде, мугалимдер окуучуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, тазалык боюнча сабактарды өтүшөт.

«Демилге 2020-жылы башталган. Анын алкагында мектептин 3 кабатына тең ысык, муздак суу киргизилди. Суу, санитария жана гигиена боюнча мугалимдер окуулардан өтүп баштады. Мугалимдер окуп бүткөндөн кийин, окуучуларга ачык сабактарды, класстык сааттарды өтүштү. Мындан сырткары мектептин ичинде тазалык боюнча класстар аралык сынактар өтүп турат. Сүрөт тартуу, көркөм окуу, дилбаян жазуу сынактары болот. Жеңүүчүлөргө айыл өкмөтү тарабынан белектер берилет».

«Айылды суу менен камсыз кылуу жана санитарияны туруктуу өнүктүрүү» долбоорунун координатору Эрлан Корчубай уулу доолбордун негизинде үч облус боюнча 95 айыл, 200 миңден ашык адамды таза суу менен камсыз кылуу пландалып жатат.

«Долбоордун жалпы суммасы 69 млн долларды түзөт. Анын ичинде үч багыт бар. Биринчиси, курулуш жагы каралат. Экинчиси, санитардык-гигиеналык багытты карайт. Үчүнчүсү, институционалык чыңдоо жагын карайт. Биз Чүй, Ысык-Көл жана Ош облустарында долбоорду ишке ашыруудабыз. Долбоордун мөөнөтү 2017-жылдан 2025-жылга чейин болот. Ошол убакка чейин 95 айылдын баарына таза суу системасы киргизилет. Ал эми учурда 45 айылда курулуп бүттү».

Бүгүнкү күндө Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз айылында жашаган 4 миңге жакын адамды таза суу менен камсыз кылуу үчүн курулуш иштери жүрүп жатат.

Мындан сырткары Боз-Бешик айылында да 1,5 миңден ашык адам үчүн таза суу системасы курула башталды.

Аталган долбоор 2017-жылдан 2025-жылга чейин созулат.

Анын алкагында 200 миңден ашык айыл тургуну таза суу менен камсыз болот.

2 пикир

2 пикир

  1. Дамира АДК жетекчиси

    13.09.2022 17:31

    Жетиогуз айылында Арис долбоору менен таза суу программасы ишке ашырылууда
    Курулуш иштери журуп жатат
    Айыл тургундары мумкунчулукко жараша кол кабыш кылышууда
    Долбоордун алкагында уй кожолуктарына соонун мумкунчулук тузулду
    Буюрса ар бир уйдо жакшыртылган ажатканалар курулат
    Бул тууралуу маалыматтарды АДКлар тургундарга тушундуруу иштерин жургузуудо
    Буюрса айылыбызга маданияттын бир тепкичи жогорулайт
    Долбоорду аткаруучуларга чон рахмат

  2. Гуля

    13.09.2022 17:55

    Биздин айылда таза суу курулуп атат, батыраак бутуп, ишке кирсе жакшы болот эле, ылай суу ичип атып ден-соолугубуз бузулуп бутмой болду…

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM