Биз менен байланышыңыз

Мирзиёев дүйнө коомчулугун Ооганстанга жардам берүүгө чакырды

Дүйнө , Кыска кабар | 12 Сен 2022 | 594 | 0

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине карата кең көлөмдүү макаласын жарыялады. Анда ал региондогу актуалдуу окуялар, көйгөйлөр тууралуу сөз кылып, дүйнө коомчулугун Ооганстанга гуманитардык көмөк көрсөтүүгө чакырган.

Өзбек президенти макаласында дүйнө Ооганстанга жардам колун созуп, бул өлкөнүн экономикалык өсүүсүнө, регионалдык жана глобалдык өнүгүү процесстерине интеграциялануусуна жана ушул жол аркылуу алардын өтө терең кризистен чыгып кетүүсүнө өбөлгө түзүү керек деп эсептейт.

«Ооганстан ШКУга кирген өлкөлөрдүн ажырагыс бөлүгү болуп саналат. Бүгүн бул өлкө коңшуларынын колдоосуна мурдагынан да көбүрөөк муктаж болуп турат. Биз биргеликте аларга жардам колун сунуп, алардын кризистен чыгып кетүүсүнө көмөктөшүү милдетибиз.

Ооганстан кылымдар бою регионалдык жана глобалдык тирешүүлөрдүн ортосундагы буфер болуп келсе, эми Борбор Азия менен Түштүк Азияны байланыштырган көпүрө катары жаңы миссиясында өзүн көрсөтүүсү зарыл», — деп кошумчалаган Мирзиёев.

Өзбекстандын президенти атайын макаласында «Трансафган коридору» тууралуу сөз кылып, «Термез-Мазари-Шариф-Кабул-Пешевар» темир жолу сыяктуу инфратүзүмдөрдү ишке ашыруу зарылдыгын белгилеген.

Ошондой эле Ооганстанды ШКУнун жаңы чакырыктарына интеграция кылуу менен, ШКУга мүчө өлкөлөрдүн аймактарында коопсуздукту да камсыз кылууга болорун айтып өткөн.

ШКУ саммитине кайсы өлкөнүн президенттери катышары белгилүү болду

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM