Биз менен байланышыңыз

ШКУ саммитине кайсы өлкөнүн президенттери катышары белгилүү болду

Дүйнө , Кыска кабар | 8 Сен 2022 | 2584 | 0

Өзбекстан президентинин маалымат кызматы 15-16-сентябрда Самаркандда өтө турган ШКУ саммиттине кайсы өлкөнүн президенттери келерин жарыялады.

ШКУ лидерлери 2019-жылдан бери алгачкы жолу бетме-бет жолугушуп, саммиттин алкагында Өзбекстанга иш сапары менен барганы турат.

Шавкат Мирзиёевдин маалымат кызматы тараткан билдирүүдө, ШКУ саммиттине Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Орусия президенти Владимир Путин, Кытай лидер Си Цзиньпин, Индиянын өкмөт башчысы Нарендра Моди, Пакистандын өкмөт башчысы Шахбаз Шариф,Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев, Тажикстан президенти Эмомали Раҳмон, Беларусь президенти Александр Лукашенко, Иран президенти Ибрахим Раиси, Монголия президенти Ухнаагийн Хурэлсух, Туркия президенти Режеп Таййип Эрдоган, Азербайжан президенти Илхам Алиев, Түркмөнстан президенти Сердар Бердымухамедов жана Армения өкмөт башчысы Никол Пашинян катышат.

Самарканддагы ШКУ саммитинде санарип трансформация, жашыл экономика, транспорт-коммуникация байланыштарын өнүктүрүү жана бир катар эл аралык маселелер каралмакчы.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM