Таласта Советтер Союзунун Баатыры Чолпонбай Түлөбердиевдин 100 жылдык мааракеси белгиленет. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, маданият министрлигинде Чолпонбай Түлөбердиевдин 100 жылдык мааракесин уюштуруу жана өткөрүү боюнча жыйын өтүп, иш- чаралар планы талкууланган.
Жыйындын жүрүшүндө Түлөбердиевдин 100 жылдык мааракеси 16-сентябрда Талас облусунун Кара-Буура районуна караштуу Чолпонбай айылында өтөөрү белгилүү болду.
Тарых барактарына кайрылсак, Чолпонбай Түлөбердиев Улуу Ата Мекендик согушка 1941-жылы 19 жашында аттанган. Анын Улуу Ата Мекендик согуш учурунда көрсөткөн эрдиги бүткүл Союздун ичинде легендага айланган. Согушта Чолпонбай Түлөбердиев ок чачкан дзотту көкүрөгү менен тосуп, баатырларча курман болгон.