Биз менен байланышыңыз

Кадамжайда окуучу кызды өлтүрүүгө шектелип төртүнчү жаран кармалды

Кыска кабар | 10 Сен 2022 | 903 | 0

Баткендин Кадамжай районунда 14 жаштагы кызды өлтүрүүгө шектелип төртүнчү жаран кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 8-сентябрда окуучу кыздын өлтүрүлүшү боюнча кылмыш ишинин алкагында суракка Кадамжай районунун жашы жете элек жашоочусу чакырылган. Ал мыйзамдуу өкүлүнүн жана социалдык педагогдун катышуусунда суракка алынган. Тергөө амалдарынын жыйынтыгы менен суракка алынган өспүрүм бала өзгөчө оор кылмыш ишин жасоого шектелип кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

9-сентябрь күнү Кадамжай райондук сотунун чечими менен шектүүнү эки айга камакка алуу түрүндө бөгөт чарасы тандалган.

Эскерте кетсек, 4-сентябрда Кадамжайда киши колдуу болуп каза болгон секелек кыздын сөөгү табылган. Аталаган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Адам өлтүрүү» беренеси менен иш козголуп, кылмышка шектүү катары Халмион айылынын үч тургуну кармалган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM