Биз менен байланышыңыз

Ушул айда улуттук масштабда «Таза Мурас» акциясы өтөт

Коом | 8 Сен 2022 | 1160 | 0

Кыргызстанда «Таза Мурас» акциясы 17-сентябрда башталып, 2 айга созулат. Акция Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун
«Улуттук тазалык күнү жөнүндө» жарлыгынын алкагында өткөрүлөт. Акция «Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүнө» карата өтөт. Учурда иш-чаралардын планы даярдалууда.

6-сентябрда президент Садыр Жапаров «Улуттук тазалык күнү жөнүндө» жарлыкка жана 2023-2025-жылдарга тиричилик калдыктарын башкаруунун натыйжалуу инфраструктурасын түзүү боюнча иш-чаралардын планына кол койгон.

Жарлыкка ылайык, Кыргызстан айлана-чөйрөнү коргоону камсыз кылуу, жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, ошондой эле санитардык-экологиялык абалды жакшыртуу жаатындагы саясатты ырааттуу ишке ашырат.

Президенттин администрациясынын реформаларга мониторинг жана анализ бөлүмүнүн башчысы Азамат Темиркулов өлкөнүн аймагында эки айга созулган «Таза мурас» өнөктүгү башталарын билдирди.

Анын жыйынтыгында таза деп табылган аймактарга, шаарларга, райондорго жана айылдарга атайын наамдар ыйгарылат.

«Эки күн мурун президенттин Улуттук тазалык күнү тууралуу жарлыгы чыккан. Жарлыктын алкагында Кыргызстанда 17-сентябрда тазалык күнү өткөрүлөт. Мындан сырткары, быйыл 2022-жылы — Тоолорду коргоо жылы деп жарыяланды, ошондой эле жаз айында «Жашыл мурас» акциясы башталып, 6 млн бак-дарак отургузулду. «Таза мурас» өнөктүгү 17-сентябрда старт алып, эки айга созулат. Экологияга байланыштуу ар кандай иш-чаралар өткөрүлүп, жыйынтыгында эң таза шаар, райондор аныкталат».

Жарлыктын алкагында 2023-2025-жылдарга карата бир топ иштер пландалып жатат. Өзгөчө төмөндөгүлөргө маани берилет:

— мыйзамдык базаны түзүү жана өркүндөтүү;

— калк менен иштөө;

— калктын маалымат алуусун жогорулатуу;

— инвестицияларды тартуу.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Бексултан Ибраимов өлкөдөгү 406 таштанды таштоочу жайдын ичинен 61ине гана уруксат берилгенин айтат.

«Кыргызстанда айыл чарба иштерин жүргүзүү үчүн берилген жерлерге же калктуу конуштарга 345 уруксатсыз таштанды таштоочу жай орнотулду. Жалпысынан республика боюнча 406га жакын таштанды таштоочу жай бар, анын 61и гана уруксат берилген, 345и уруксатсыз. Полигондун жалпы аянты 600 гектарды түзөт. Бүгүнкү күндө алардын көбү Кыргызстандын экологиясына кандайдыр бир зыян алып келүүдө. Бирок, инвентаризациянын жыйынтыгы боюнча таштандынын 70% кайра иштетилип, жок кылынышы мүмкүн экени белгилүү болду. Демек, бул маселени чечүү үчүн катуу тиричилик калдыктарын кайра иштетүүгө багытталган калдыксыз технологияларды киргизүү зарыл. Ошондой эле таштандыларды өзүнчө чогултуу принцибин элге жеткирүү зарыл».

Ал эми калктын маалымдуулугун жогорулатуу максатында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги түшүндүрүү иштерин алып барат.

Министрдин орун Союзбек Надырбеков акциянын жүрүшүндө мекеме үч багытта колдоо көрсөтөрүн белгиледи.

«Экология жаратылышка гана эмес адамга да тиешелүү болот. Министрлик өнөктүккө үч багытта колдоо көрсөтөт. Биринчиси, кандай гана долбоорлор болбосун маалыматтык колдоо көрсөтөт. Экинчиси, «Кыргыз жараны» концепциясынын аткаруусунун алкагында жарандарга табият менен таттуу мамиледе болуу түшүнүгүн жеткирүү. Үчүнчүсү, жаштар саясаты жаатында иш алып барабыз, башкача айтканда, жаштар кандай иштерди аткарышы керектиги боюнча атайын программа иштелип жатат».

Ошол эле учурда «Эко-Деми» коомдук фондунун президенти Айжан Чыныбаева таштанды чыгаруу үчүн айып пулдун көлөмүн өзгөртүп, ченемдик-укуктук базаны кайра карап чыгуу керектигин айтты.

«Биршкекте күнүнө 1-1,5 миң тоннага жакын таштанды чыгарылат. Анын 40% тиричилик таштандылары, 30% кайра иштетүүгө боло турган таштандылар. Калган 30%ы күйүүчү май жасоого жарай турган калдыктар. Менин оюмча, таштанды маселесин чечүү үчүн таштандыларды 2 чакага – тиричилик жана тамак-ашка бөлүп таштоону киргизүүдө. Мындан тышкары, жаш муунду таштанды таштоого тарбиялоо үчүн социалдык мультфильмдерди тартууну пландап жатабыз. Ошол эле учурда элди таштандыны урнага ыргытуусун көзөмөлдөө керек. Ал үчүн массалык маалымат каражаттары аркылуу социалдык тармактарга жана ЖМКларга жайылтуу кажет. Ошондой эле көчөгө туш келди ыргыткандарга айып пулдун көлөмүн көтөрүү зарыл».

Президенттин жарлыгынын негизинде, өлкөдө улуттук тазалык күнү белгиленип, ал жыл сайын сентябрдын жана апрелдин үчүнчү ишембисинде өткөрүлөт. Тийиштүү мекемелер тиричилик калдыктарын тазалоо боюнча иш-чараларды уюштурат.

«Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнү» 2008-жылы Эстонияда «Кел, муну жасайлы» кыймылынын активисттери тарабынан башталган. Бүгүнкү күндө Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүнө карата дүйнөнүн 194 өлкөсү катышууда. Кыргызстан бул демилгеге 5 жылдан бери катышып келет.

 

 

 

 

Copyright © 2017 Maral FM