Connect with us

Президент агасынын алтын кармап түшкөн сүрөтү боюнча комментарий берди

Кыска кабар | 8 Сен 2022 | 5283 | 0

Президент Садыр Жапаров Кыргыз улуттук “Кабар” маалымат агенттигине чакан маек куруп, анда алтын куйма кармап түшкөн бир тууганы Сабыр Жапаровдун талкуу жараткан сүрөтүнө түшүндүрмө берди.

Өлкө башчы маегинде агасынын алтын куймаларды кармап түшкөн сүрөтүн өткөн жылы Түркиядагы алтын аффинаждоочу ишканалардын биринде  тартылганын ырастады.

«Мен ал сүрөттү тактадым. Түркияда түшкөн сүрөт экен. Эсиңиздерде болсо, былтыр эл аралык алтын сатууну уюштурган Лондондогу Баалуу металлдар базарынын ассоциациясы (LBMA) Кыргызстандын алтынын дүйнөлүк биржада сатуусуна чек коюп койгон. Ошол мезгилде түрк туугандар мага жана мамлекеттик чиновниктердин кабылдамасына кире алышпай, агама чыгышкан экен. (Бизде бюрократия жоюла элек да). «Биз сатып алалы. Бизге келип, алтын эриткен цехибизди көрүп кеткиле. Биздин алтын сатып алууга толук мүмкүнчүлүгүбүз бар» деп кайрылышыптыр. Ошол жерге барып, алтын кармап сүрөткө түшкөн экен. Эми муну трагедия кылыштын кереги жок го дейм. Ансыз деле аларга же башка жеке булактарга бир грамм да алтын сатылган эмес. Түрк туугандардан башка он чакты мамлекеттерден жогорудагыдай сунуштар түшкөн. Чамасы, бизди дүйнөлүк биржада алтыныбызды сата албай калат деп ойлошсо керек. Бирок жыл айланбай эле LBMA менен көйгөйүбүздү чечип алдык.

Алтындар бир жылдан бери сатылбай чогула берген. “Кыргызалтын” аркылуу бир гана Улуттук банк сатып алып турган. Эми LBMAдан андай чектөөлөр алынып салынды. Буюрса, дүйнөлүк биржада эң жогорку баа менен сатабыз», — деп билдирген президент.

Ошондой эле, ага жана анын бир туугандарына бир грамм алтындын кереги жоктугун, алтынсыз эле жашап келгенин жана алтынсыз деле жашай берерин кошумчалаган. Мындан сырткары бир туугандары мамлекетке кандай жардам берсек экен деп көп ойлонушарын да айтып өткөн.

«Менин иштеримде кандайдыр бир кыйынчылыктар болсо, бир туугандарым “мурдагы президенттердин катасын кайталабасак экен, президенттик мөөнөтү бүткөндө элдин жүзүн ачык карап жүрсөк экен” дешип, сарсанаа боло башташат. Былтыр ошол мезгилде, LBMA биздин алтын сатуубузду чектеп койгондо, баары сарсанаа болушканы эсимде. Ошол мезгилде, “балким жардамым тийип калабы” деп Түркияга барган экен. Мамлекет тараптан кимдир бирөө суранган эмес. “Кумтөрдүн” алтынын сатыш үчүн эмес, жалпы эле Кыргызстандан өндүрүлгөн жеке жактардын алтынын канчадан сатып алып жаткандарын билиш үчүн барган экен. Бирок абдан эле төмөн болгондуктан, бир грамм алтын сатылган эмес».

Садыр Жапаровдун айтымында, бардык эле өлкөлөрдө чет өлкөдөн келген конокпу, инвесторбу президенттин жакындарына чыга беришет. «Мындай иштер буга чейин да болуп келген. Мурдакылардын катасы жакындарын мамлекеттик иштерге аралаштырып жибергенинде болгон. Мен андайга жол бербейм. Кайда, канчадан сатсак болорун агамдын жардамы жок эле, мамлекет өзү билип алат», — деп кошумчалаган өлкө башчы.

«Азыркы кризисте акчаны алтынга алмаштырбай, инвестицияга салган пайдалуу»

Copyright © 2017 Maral FM