Биз менен байланышыңыз

Мажитова: Бактыяр Кадыров №29 мектепти үй-бүлөлүк бизнеске айландырып алган

Кыска кабар | 8 Сен 2022 | 251 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Шарапаткан Мажитова Бишкектеги №29 мектеп-гимназиясынын мугалимдери жана ата-энелеринин атынан арыз келип түшкөнүн билдирди.

Арызда атлаган мектети 1992-жылдан бери жетектеп келе жаткан Бактыяр Кадыровдун мектепти үй-бүлөлүк бизнеске айландырып алгандыгы айтылган. Анын жубайы Марина Жураевна чарбалык иштердин башына ишенимдүү аялды коюп, өзү башкарары, мектептин ашканасын да өзү көзөмөлдөй тургандыгына даттанышкан.

Мындан сырткары, мектепке балдарыды киргизиш үчүн 20 миң сомдон 30 миң сомго чейин акча алына тургандыгы жазылган. Ошол эле учурдажыл сайын ар бир баладан 5 миң сомдон мектеп фондуна акча чогултуп келген. Класс фондуна 1000 сомдон 1600 сомго чейин жыйналат.

Мажитованын айтымында мектеп бүтүрүүчүлөрүнөн дагы 15 миңден 18 миңге чейин сурап келет.

Депутат бул арыз боюнча мектептерди карап чыгуусун талап кылды.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM