Биз менен байланышыңыз

Челябинск шаарында кыргызстандык үй-бүлө жол кырсыгына кабылды

Кыска кабар | 8 Сен 2022 | 212 | 0

Орусиянын Челябинск облусунун Златоуст шаарына жакын жердеги М-5 трассасында Кыргызстандын жараны К.Ш.нын башкаруусундагы «Рено Логан» унаасы жол кырсыгына кабылып, кырсыктан 12 жаштагы кыз жаракат алган. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жол кырсыгы 7-сентябрда катталган. Жеңил унаанын ичинде бир үй-бүлөнүн алты мүчөсү болгон. Ата-энеси жана төрт баласы. Алардын бардыгы Кыргызстандын жараны болуп саналат. К.Ш. жубайы жана балдары Ош шаарынан Уфага учуп келишкен. К.Ш. аттуу жаран үй-бүлөсүн Уфа шаарындагы аэропорттон тосуп алып, аталган унаа менен Нижневартовск шаарына бара жатышкан.

Кырсыктан жабыркаган кыргызстандыктар Златоустагы шаардык клиникалык ооруканага жеткирилген. 7-сентябрда жергиликтүү убакыт боюнча саат 15:00дө К.Ш.нын 12 жаштагы кызына операция жасалган. Кыздын абалы оор деп бааланууда. Үй-бүлөнүн башка мүчөлөрүнүн абалы канааттандырарлык, бирок учурда алар аталган оорукананын травматология бөлүмүндө дарыланышууда.

Кырсык боюнча окуя Башкы консулдуктун көзөмөлүндө, оорукананын кызматкерлери менен үзгүлтүксүз байланыш түзүлгөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM