Биз менен байланышыңыз

Мадумаров: Өлүм жазасын киргизиш керек (видео)

Кыска кабар | 7 Сен 2022 | 1439 | 1

Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров парламенттин 7-сентябрдагы жыйынында балдарды коргоо боюнча маселе көтөрүп, депутаттарга кайрылды.

Анын айтымында, ар бир мыйзамдын аткарылышы боюнча парламенттеги комитеттер талапты күчөтүш керек.

«Өкмөттү, Башкы прокурорду чакырыш керек деп отургандын өзү алсыздык. Конституция менен мыйзамдарыдын аткарылышын так көзөмөлгө алып койгондо, «секирбеген» министриңерди көрөт элем. Бирок биз азыр алсызбыз, эрксизбиз, көз карандыбыз. Биз «колдо» деген жерини колдоп бере беребиз. Анан эле «антиш керек, минтиш керек» деп калабыз. Өлүм жазасын киргизиш керек. 2009-жылы мен «өлүм жазасын киргизиш керек» дегендигим үчүн кызматтан кеткенмин. Дүйнөгө биздин убадабыз бар, ага мораторий киргизилген. Ал жазаны киргизиш үчүн референдум өткөрүш керек», — деди Мадумаров.

Ошондой эле Мадумаров депутаттарга кайрылып, эл өкүлдүк функцияларын эч кимге жалтаңдабай, так аткаруусун суранды. Анын баамында, мына ошондо гана мыйзам толук аткарылат.

Мындан сырткары ал комитеттерди мыйзамдардын аткарылышын бир айдын ичинде кайра-карап чыгууга чакырды.

1 пикир

1 пикир

  1. Кундуз култекова

    07.09.2022 20:38

    Олум жазасы болбойт анткени олумжазасы кирсе карапайымдын балдары олобу ошондо кыз дада кунообар кыйшаландап ПАТСТАВА кыламдесе керек же дагыбир нерсе талап кылды да кызды кырк уйдонтыйу кымызга бишкек деп айтып келет ОШОЛ тура тартипкылсын кызын жакшы жанынан чыкпастан карасын да ээ

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM