Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров парламенттин 7-сентябрдагы жыйынында балдарды коргоо боюнча маселе көтөрүп, депутаттарга кайрылды.
Анын айтымында, ар бир мыйзамдын аткарылышы боюнча парламенттеги комитеттер талапты күчөтүш керек.
«Өкмөттү, Башкы прокурорду чакырыш керек деп отургандын өзү алсыздык. Конституция менен мыйзамдарыдын аткарылышын так көзөмөлгө алып койгондо, «секирбеген» министриңерди көрөт элем. Бирок биз азыр алсызбыз, эрксизбиз, көз карандыбыз. Биз «колдо» деген жерини колдоп бере беребиз. Анан эле «антиш керек, минтиш керек» деп калабыз. Өлүм жазасын киргизиш керек. 2009-жылы мен «өлүм жазасын киргизиш керек» дегендигим үчүн кызматтан кеткенмин. Дүйнөгө биздин убадабыз бар, ага мораторий киргизилген. Ал жазаны киргизиш үчүн референдум өткөрүш керек», — деди Мадумаров.
Ошондой эле Мадумаров депутаттарга кайрылып, эл өкүлдүк функцияларын эч кимге жалтаңдабай, так аткаруусун суранды. Анын баамында, мына ошондо гана мыйзам толук аткарылат.
Мындан сырткары ал комитеттерди мыйзамдардын аткарылышын бир айдын ичинде кайра-карап чыгууга чакырды.