Биз менен байланышыңыз

Украинанын согуштан тарткан зыяны 326 млрд долларды түздү

Дүйнө , Кыска кабар | 7 Сен 2022 | 403 | 0

Орусиянын кол салуусунан улам Украинага келтирилген зыяндын көлөмү 326 миллиард долларды түздү. Бул тууралуу  өлкөнүн өкмөт башчысы Денис Шмыгаль Брюсселде болуп өткөн «Украина-Евробиримдик» ассоциациясынын жыйынында айтты.

“Дүйнөлүк банктын эксперттери менен биргеликте жасаган аудитке ылайык, Орусиянын бизге түздөн түз келтирген зыяны 326 миллиард долларды түздү”, – деп билдирди Шмыгаль.

Украина өкмөт башчысынын айтымында, каражаттын 105 млрд доллары ураган имараттарды кайра тургузууга керек болгон так каражат болуп саналат.

“Украина Евробиримдикке кошулуу ниетинен эч качан артка кайтпайт. Мындан улам биз визасыз режимге кол коюу жана ички базарга интеграция болуу үчүн интенсивдүү иштеп жатабыз», — деп кошумчалаган украин өкмөт башчысы.

Белгилей кетсек, Украина бийлиги ушул жылдын аягына чейин Евробиримдикке кошулуу үчүн жол картанын кабыл алынышына үмүт артууда.

Украинадагы согушта Орусиянын канча аскери каза болгону айтылды

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM