Биз менен байланышыңыз

Орусияда жарым жылда 419 миң адам чет өлкөгө чыгып кетти

Дүйнө , Кыска кабар | 6 Сен 2022 | 420 | 0

Орусияда жарым жылда 419 миң адам чет өлкөгө чыгып кетти. Бул тууралуу РБК Росстаттын маалыматтарына таянып жазды.

Росстат 5-сентябрда статистикалык маалыматтарды жарыялап, анда 2022-жылы өлкөдөн чыгып кеткен орусиялыктардын саны былтыркыга салыштырмалуу эки эсе көп деп билдирди. Былтыр 2021-жылдын алты айында өлкөдөн 202 миң киши чыгып кетсе, быйыл 419 миңге жетти.

Маалыматка ылайык, Орусиянын 368 миң жараны КМШ өлкөлөрүнө кеткен.  Бирок алардын 270 миңдейи кайра кайтып келген.

 

Copyright © 2017 Maral FM