1666-жылы Лондон шаарында ири өрт чыгып, аны өчүрүү үч күнгө созулган. Шаардагы ири архитектуралык имараттарды кыйраткан өрт, миңдеген адамдардын өлүмүнө да себеп болгон. Бул өрт 1666-жылдын 5-сентябрында чектөөгө алынган. Жылнаамадагы бул датадан улам, сиздерге дүйнө тарыхында шаарлардын күлүн көккө сапырган эң ири өрттөр тууралуу маалыматтарды топтодук. Бул өрттөрдүн көпчүлүгү сентябрь айында болуп, дүйнө тарыхындагы эң ири жана белгилүүлөрү болуп саналат.
Учурда мегаполистердеги имараттар дээрлик көпчүлүгү темир-бетон, кыш же башка өрткө каршы бекем туруучу материалдар менен курулган. Бирок мындан 3-4 кылым мурда шаарлардагы курулуштун баары жыгачтан тургузулчу. Анткени таштан имарат салуу көп убакытты жана акчаны талап кылган.
Христиандардын кыргынына себеп болгон Римдеги өрт
Римдеги Улуу Өрт император Нерон доорунда, б.з 64-жылында болгон. Өрт 18-июлдан 19-июлга өткөн түнү Римдеги «Чоң Цирктин» жанында жайгашкан дүкөндөрдөн башталып, түндөгү шамалдын айынан шаардын чоң бөлүгүнө жайылып кеткен. Римдин бул бөлүгүндө ал кезде таштан курулган имаратттар дээрлик жок болгон.
Өрттүн өтө тез жайылуусунан улам жана тар көчөлөрдө адамдардын тыгынынан улам миңдеген римдиктер өрттүн ичинде калып, каза болгон.
Каргашалуу тилсиз жоо алты күнгө созулуп, шаардын 14 районунун төртөө толугу менен күйүп жок болуп, жети район өтө катуу жабыркаган.
Бир катар тарыхчылар бул өрттү император Нерон өзү уюштурган деген божомолдорду айтып келет. Бирок император ошол түнү шаарда болгон эмес. Тарыхий булактарда, император өрт тууралуу угушу менен, шаарга келип, адамдарды куткаруу үчүн топторду түзгөнү да жазылган.
Римдеги ири өрт эки чоң окуяга себеп болгон. Биринчиси — шаарды кайра калыбына келтирүү үчүн император облустардын салык өлчөмүн ашырып, казынага көп акча төгүүгө мажбурлайт. Бул тарыхтагы алгачкы инфляцияны пайда кылган.
Экинчиси император Нерон бул өрттү христиандар чыгарды деп айыптап, Рим иператорлугундагы христиандарды кысымга алуу саясатын баштап берген. Натыйжада миңдеген христиандар өрттөлгөн жана кресттерге мыкталып өлтүрүлгөн.
Лондонду дүйнөнүн борборуна айландырган өрт
Өз тарыхында бир канча ири өрттөргө күбө болгон Лондондогу эң чоң өрт 1666-жылы болгон. 2-сентябрга караган түнү наабайчылардын үйүндө башталган өрт бүтүндөй шаарды каптаган. Бирок Лондондогу абал Римдегиден бир топ башкача болчу. Тагыраак айтканда, өрттүн алдын алууга мүмкүнчүлүк бар туруп, бирок бюрократиянын айынан өрт шаарга жайылып кеткен.
Тилсиз жоо чоң аймакка жайыла электе полиция менен өрт өчүргүчтөр жетип келет. Алар өрттү токтотуу үчүн катар жайгашкан бир канча үйдү бузуп салууну сунуш кылат. Бирок үй ээлери буга каршы чыгат. Шаар мэри лорд Бладворт болсо имараттардын көпчүлүгү ижарага берилгенин, алардын чыныгы ээлеринен уруксат алуу кыйын экендигин айтып, уруксат бербей коет. Натыйжада өрт Лондондогу үйлөр өтө жыш жайгашкан көчөлөргө жайылып кетет.
Үч күнгө созулган өрт 1666-жылы 5-сентябрда өчүрүлөт. Бул каргашалуу окуяла шаардагы 13 миңден ашык үй күлгө айланып, расмий алты киши каза болгон. Бирок, тарых булактарында каза болгондор саны миңден ашык деп айтылып келет. Ал эми 200 миңдей жаран үй-жайсыз калган.
Лондондогу өрт / Фото: Будапешт көркөм музейи
Лондондогу ири өрт чыккан убакта Экинчи Англия-Голландия согушу жүрүп жаткандыктан, адамдар арасында өрттү Англиянын душмандары болгон католик, француз жана голландиялыктар чыгарды деген кептер таркалат. Жыйынтыгында өлкөдөгү католик (Англиядагы калктын көпчүлүгү ал кезде протестант болчу), француз жана голландиялыктарга карата массалык түрдө «самосуд» башталат. Мунун алдын алуу үчүн Лондон бийлиги газеталарда өрт кокустуктан улам келип чыкканы боюнча маалымат таратат.
Лондонду жалмаган тилсиз жоодо чума оорусунун очогу болгон кедей-кембагалдар жашоочу район да толугу менен өрттөнүп, Лондон бул эпидемиядан «куткарылган». Ошондой эле шаардын кайрадан курулуусунда имараттардын өрткө каршы чыдамдуулугу эске алынып, курулуш материалдарынын сапатына өзгөчө көңүл бурулган. Анын натыйжасында, Лондон дүйнөнүн борборуна айланган. Өрт өчүрүү кызматынын ишмердүүлүгү да бир топ реформаланган.
Душмандын курчоосунда өрттөлгөн Москва
Москва дагы Лондон сыяктуу бир катар өрттү башынан өткөргөн. Бирок Москва ички себептерден эмес, сырткы душмандын айынан өрткө чулганган.
Мисалы 1571-жылы Крым ханы Девлет I Герай Орусияга жүрүшү учурунда Москвага жакындап, шаарга өрт коюп жиберет. Дээрлик көпчүлүк бөлүгү жыгачтан курулган шаар төрт саатта күлгө айланып, бир гана таштан курулган Кремль өрттөн аман калат.
Бирок Москва тарыхындагы эң ири өрт 1812-жылы келип чыккан. Орусияга бастырып кирген Наполеон I Бородино согушунда орустардын негизги кошуунун алсыратып, Москваны ээлөө үчүн оңой мүмкүнчүлүккө ээ болот.
Орусиянын кошуунунун командири Михаил Кутузов Москваны кармашуусуз таштап кетүү чечимин кабыл алат. 14-сентябрдын таңында француз кошууну эч кандай каршылыксыз Моквага кирип келет. Ошол күнү түнү шаарда өрт башталып, Москванын төрттөн үч бөлүгүнүн күлү көккө сапырылат.
17-сентябрга чейин созулган өрттү ошол күнү жааган жамгыр өчүрөт. Бул өрттө эки миңден ашык инсан каза болгон. Француздар менен орустар бул өрттүн чыгуусунда бирин-бири айыптап келет.
Нью-Йорктогу чоң өрт
Нью-Йорктогу өрттөн кийин / Фото: History
Жаңы дүйнөнүн борбору болгон Нью-Йорк шаары өз тарыхында үч ири өрттү башынан өткөргөн. Алардын ичинен эң коркунучтуусу 1935-жылы 16-декабрда болгон. Анда төмөнкү Манхэттендеги кампалардын биринде көмүр жаккан меш өрттөнүп, катуу шамал өрттү шаарга жайылтып жиберет. Өрт өчүрүүчүлөрдүн негизги суу кампасы болгон Чыгыш жана Худсон дарыялары тоңуп, музду тешип орнотулган куурлар да тоңуп калган.
Кийинчерээк, Нью-Йоркко жетип келген аскерлер өрттүн жолундагы имараттарды бузуп, тилсиз жоону токтотот. Ушул өрттүн натыйжасында келтирилген зыян 20 миллион долларга бааланат (азыркы күндө бул сумма 486 миллион долларды түзөт).
Нью-Йорк шаарынын жетекчилиги бул өрттөр кийин калктан имараттарды таштан курууну талап кылып баштаган. Шаардын өрт өчүрүү системасы да жаңыланган.
Токио
1923-жылы 1-сентябрда Япониянын борборунда келип чыккан үрөй учурган өрткө «Чоң Канто зилзаласы» деп аталган жер титирөө себеп болгон. Токидо өрт өчүрүү кызматтары бир топ өнүккөнүнө карабай, зилзаладан улам өрт өчүргүчтөр ири өрттүн алдын алалбай калган.
Жер титирөө учурунда калк үйлөрүнөн качып чыгып, ачык майдандарга топтоло баштайт. Бирок ушундай ачык майдандардын бирине топтолгон 40 миң киши айланасындагы имараттардын өрттөнүп кеткенинен улам жалындын курчоосунда калып, түтүнгө буулуп каза болгон.
Токиодогу өрт курмандыктарынын жалпы санын аныктоо дээрлик эч мүмкүн эмес. Япон бийлиги сентябрдагы зилзала жана өрттөрдүн натыйжасында жалпы 175 миң адам каза болгонун расмий билдирген. Ал эми жарым миллион адам дайынсыз жоголгон.