Биз менен байланышыңыз

Жыл башынан бери орусиялык миллиардерлердин байлыгы $54 млрд азайды

Дүйнө , Кыска кабар | 2 Сен 2022 | 553 | 0

2022-жылдын башынан бери орусиялык эң бай ишкерлердин байлыгы дээрлик 54 млрд долларга азайды.

Эң көп жоготуу «Северсталь» компаниясынын ээлеринин бири Алексей Мордашовдо байкалды. Анын байлыгы жыл башынан бери — 7,53 млрд долларга азайган. Учурда анын байлыгынын жалпы көлөмү 21,3 млрд долларды түзөт.

Жоготуулар боюнча экинчи орунда Evraz ҳолдинги акционери Роман Абрамович турат. Ал 2022-жылдын башынан бери 7,34 млрд долларга чыгым болду. Учурда Абрамовичтин байлыгы 10,7 млрд долларга тең.

НЛМК металлургия компаниясынын бенефициары Владимир Лисиндин байлыгы 5,91 млрд долларга азайып, 22,1 млрд долларга түштү.

«Новатэк» акционери Геннадий Тимченко жыл башынан бери 4,65 млрд доллар жоготуп, анын байлыгы азыркы тапта 17,8 млрд доллардын тегерегинде.

«Норникель» компаниясы жана «Интеррос» ҳолдинги президенти Владимир Потаниндин байлыгы тескерисинче, 2,2 млрд долларга көбөйүп, жалпы суммасы 33 млрд долларга жетти.

Copyright © 2017 Maral FM