Биз менен байланышыңыз

Президент Эгемендүүлүк майрамын жети дубанда кезектешип өткөрүү ниетин билдирди

Кыска кабар | 31 Авг 2022 | 463 | 0

Президент Садыр Жапаров мындан кийин Эгемендүүлүк майрамын ар жылы ар бир дубанда салтанаттуу өткөрүүнү салтка айлантуу ниети бар экендигин билдирди.

Анын айтымында, мындай кадам элдин ынтымагын арттырат.

«Мындан кийин Эгемендүүлүк майрамын ар жылы ар бир дубанда салтанаттуу өткөрүүнү салтка айлантуу ниетибиз бар. Мындай кадам өлкөнүн бардык аймактарында жашаган элибизди ынтымагын арттырат, биримдигин бекемдейт, карым-катнашын күчөтөт», — деп билдирди президент.

Мамлекет башчысы быйыл эгемендүүлүктүн 31 жылдыгына карата Чуңкурчак жайлоосунда 31 метрлик туусун көтөрүү менен майрамдык иш-чараны баштап берди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM