Биз менен байланышыңыз

Баткенде кургак учукка каршы кызмат көрсөтүүлөр санариптештирилди

Ден соолук | 1 Сен 2022 | 2607 | 0

Баткен облустук кургак учук менен күрөшүү борборунда «Кургак учукту айыктыруу» долбоору ишке кирди. Саламаттыкты сактоо министрлигинин демилгеси менен уюштурулган бул долбоор Американын Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин (USAID) техникалык колдоосу астында башталган. Долбоордун максаты Кыргызстандын кургак учукка каршы кызматында кургак учукту аныктоонун, дарылоонун жана алдын алуунун сапатын жогорулатуу болуп саналат. Реформалардын ичине комплекстүү санариптештирүү, облустук онлайн-консилиумдарды уюштуруу, медкызматкерлер үчүн каржылык шыктандырууну киргизүү камтылган.

Акыркы убакта USAID өлкө аймактарында кургак учукка чалдыккан бейтаптарды дарылоого керектүү шарттарды түзүп, техникалык колдоо көрсөтүп келет. Учурда агенттик «Кургак учукту айыктыруу» долбоорун Баткен облусунда ишке ашырып жатат.

Долбоордун алкагында Баткен облустук кургак учук менен күрөшүү борборунда дарыгерлердин, медайымдардын иштөө ыкмасы өзгөрдү. Комплекстүү санариптештирүүнүн натыйжасында лабораториялык анализдерди онлайн алууга шарт түзүлдү. Бул дарыгердин дартты тез аныктоосуна жана дарылоону баштоосуна өбөлгө болот.

Мындан сырткары врачтар менен медайымдардын ишин автоматташтырууга, бири-бири менен баарлашуу үчүн алардын жумуш убактысынын сарпталышын кыскартууга, күнүмдүк кагаз ишин азайтууга мүмкүнчүлүк берет.

Борбордун директору Жеңишбек Шарипов кургак учук менен күрөшүүнү санариптештирүүдөн кийин кандай өзгөрүүлөр болгонун айтып берди.

«ТБ-регистр» деп аталган маалымат системасын иштеп чыгуу жана рентген-сүрөттөрдү электрондук форматка которуп жаткан санарип дигитайзерин киргизүү биздин райондук дарыгер-фтизиатрларга облустук борборго келбестен, өз жумуш ордунан эле консилиумдун ишине катышканга мүмкүнчүлүк түзүп берди. Кургак учукка каршы кызмат көрсөтүү системасын комплекстүү санариптештирүү медициналык маалыматтык системалары менен ишке ашырылат. Система бейтаптарды каттоо, аларды дарылоо, лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыктары жөнүндө маалыматтарды иштеп чыгууну жана эсептөөнү автоматташтырат. Бизде GeneXpert аппараты орнотулган. Ал  оорулардын диагнозун так жана кыска убакытта аныктайт».

Ушул жылдын ортосунда 20 кургак учукка каршы ооруканада, дээрлик 100 баштапкы медициналык уюмда, 100дөн ашык лабораторияда медициналык маалыматтык система киргизилген. Аны менен 2,5 миңден ашык колдонуучу активдүү иштеп жатат. Системада 30 миң бейтаптын картасы, 2 млн лабораториялык анализдин жыйынтыгы камтылган.

Медициналык маалыматтык система менен биргеликте кургак учукка каршы дарылоону дайындоо, жөнгө салуу, мониторинг боюнча чечимдерди ыкчам кабыл алуу максатында кургак учук менен күрөшүү облустук борборлорунда онлайн-консилиумдар уюштурулган.

Дарыгер-фтизиатр Чыңгызбек Кенжебаев онлайн-консилиум райондук дарыгер-фтизиатрлардын өз жумуш ордунан онлайн режимде түздөн-түз катышуусуна шарт түзөрүн түшүндүрдү.

«Санариптештирүү Баткен облусу үчүн өтө эффективдүү болду. Жумасына бир жолу дарыгерлердин кеңешмеси, башкача айтканда, консилиум болуп турат. Ага катышуу үчүн ар бир райондун фтизиатрлары бейтаптардын документтерин, карталарын, рентгенин көтөрүп келишчү. Азыр бул нерсе толугу менен онлайн форматка өттү. Облус чек арага жакын жайгашкандыктан, Лейлек, Кулунду сыяктуу райондор конфликт учурунда бир айдай консилиумга катыша албай калышчу. Бул бейтаптын эртерээк сакайып кетишине тоскоолдук жаратчу. Азыр кандай гана кырдаал болбосун, өзүнүн иштеген ордунан эле кеңешмеге катыша алышат».

Онлайн-консилиумдардын ишинде медициналык маалыматтык система сунуш кылган ар түрдүү санарип куралдары активдүү колдонулат:

  • «ТБ-регистр» маалыматтардын электрондук системасы оорунун бардык таржымалын толтурууга жана санарип форматта кароого мүмкүндүк берет;
  • Лабораториялык маалыматтарды башкаруунун маалыматтык системасы аркылуу лабораториянын жайгашкан жерине карабастан онлайн режимде «ТБ-регистрге» келип түшкөн лабораториялык анализдердин бардык жыйынтыктарына жетүүгө жол ачат;
  • Рентген-сүрөттөрүн санарип форматка которууну аткарган дигитайзер эң алыскы райондордон сүрөттөрдү онлайн-консилиумда кароого мүмкүндүк берет.

Облустук онлайн-консилиумдун жүрүшү

Бейтапты дарылоо процесси оорунун сезимтал жана туруктуу түрүнө карата стационардык же амбулатордук деңгээлде жүрөт.

Амбулатордук деңгээлде «Кургак учук учурун башкаруу» ыкмасы киргизилген. Райондук дарыгер-фтизиатр Асел Ажимаматованын айтымында, бул ыкманын алкагында бейтаптар үчүн бир топ жеңилдиктер каралган.

«Бул ыкманын киргени жакшы болду. Биринчиден, дарылануу бекер. Лабораториялык анализдер да бекер жүргүзүлүп жатат. Мурда жолдун алыстыгына, ден соолугунун абалына жана коомдук транспорттун ыңгайсыздыгына карабастан, күн сайын борборлоштурулган медициналык уюмга барууга туура келсе, эми ал дарылоону үйүнүн жанынан, баштапкы медициналык-санитардык жардам уюмунан ала алат. Мындай мекемелерде ар бир бейтап боюнча «Кургак учук учурун башкаруу» командасы түзүлүп, ага райондук дарыгер-фтизиатр, үй-бүлөлүк дарыгер жана медайым кирет».

Мындан сырткары долбоордун алкагында биоматериалдарды ташып жеткирүү системасы, кургак учукту аныктоо боюнча сапаттуу лабораториялык кызмат көрсөтүүнү кеңейтүү, кургак учуктун жаңы учурларын, анын ичинде кургак учукка чалдыккан бейтаптар менен байланышта болгондорду активдүү табуу, кургак учукка каршы кызматты оптималдаштыруу жана башка системалар камтылган.

Эске салсак, кургак учук — жугуштуу дарт. Ал көбүнчө какырык менен кургак учуктун микобактериясын бөлүп чыгарган адамдан жугат. Башка микробдордон айырмаланып, кургак учуктун микобактериясы өзгөчө сакталуу касиетине ээ.

Долбоордун алкагында өткөн жылы кургак учук ооруканаларында сакайтылган кургак учук учурларынын саны 6226ны, ал эми 2022-жылдын 4 айында 1933тү түздү.

Copyright © 2017 Maral FM