Биз менен байланышыңыз

Орусияга жүк ташуучу унаа менен барган 15 бала тууралуу консулдук үн катты

Кыска кабар | 29 Авг 2022 | 3930 | 0

Кыргызстандын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугунун маалымат кызматы, Орусияга Кыргызстандан жүк ташуучу унаанын ичинде барган 25 кыргызстандык боюнча «Марал» радиосуна маалымат берди.

Алдын ала алынган маалымат боюнча, Орусиянын «Челябинск — Троицк» жолунун 132-чакырымында Орусиянын жол-кайгуул кызматынын кызматкерлери Кыргызстандын 27 жаштагы жаранынын башкаруусундагы жүк ташуучу унааны токтотушкан.

Унаанын ичинде 10 чоң адам жана 15 бала болгон. Алардын баары Кыргызстандын жарандары болгон. Жарандардын документтеринде маселе болбогондуктан, жүргүнчүлөр атайын жүргүнчү ташуучу транспортко отургузуу үчүн Троицк автовокзалына жеткирилген. Алар андан ары жолун улашкан.

Ал эми унаанын айдоочусуна жүргүнчүлөрдү ташуу эрежесин бузуу боюнча административдик айып салынып, эки сутка убактылуу кармоочу абака алынып, кайрадан бошотулган.

Айдоочу буга чейин да жүк ташуучу унаасы менен жарандарды ташып жүргөндүгү аныкталып, буга чейин эле эскертүү берилгендиги белгилүү болгон.

Кыргызстандын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугу жүк ташуучу унаа менен барган 25 кыргызстандыктын үйлөрүнө жетип-жетпегендиги боюнча алдыда кошумча маалымат бере тургандыгын кошумчалады.

Орусияга Кыргызстандан бара жаткан жүк ташуучу унаанын ичинде 15 бала болгон

Copyright © 2017 Maral FM