Биз менен байланышыңыз

Орусияга Кыргызстандан бара жаткан жүк ташуучу унаанын ичинде 15 бала болгон

Кыска кабар | 29 Авг 2022 | 23850 | 2

Орусиянын Түштүк Уралында жол-кайгуул кызматынын кызматкерлери жүк ташуучу унааны токтоткон. Унаанын ичинде 10 чоң адам жана 15 бала болгон. Жүргүнчүлөр Кыргызстандан Челябинск шаарына бара жатканы аныкталган. Бул тууралуу Орусиянын жергиликтүү басылмалары жазды.

Орусиянын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча мамлекеттик инспекциясынын маалыматына ылайык, унаа Челябинск — Троицк жолунун 132-чакырымында токтотулган. Маалыматта кармалган жарандар Кыргызстандан Орусияга мыйзамсыз кирүүгө аракет кылганы айтылат.

Унаанын айдоочусуна жүргүнчүлөрдү ташуу эрежесин бузуу боюнча эки административдик иш козголгон.

Тиешелүү текшерүүдөн кийин жүк ташуучу унаанын ичиндеги жүргүнчүлөрдү атайын жүргүнчү ташуучу транспортко отургузуу үчүн Троицк автовокзалына жеткирилген.

Кыргызстандын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугуна маалыматты тактоо үчүн байланышканыбызда, учурда аталган маалымат такталып жатканыдыгын билдирди.

Орусияга жүк ташуучу унаа менен барган 15 бала тууралуу консулдук үн катты

2 пикир

2 пикир

  1. Жаран

    30.08.2022 08:49

    Кыргызстан дан паспортун алып алып биздин уят кылып бутту булар. Баары Бир башкача жоолук салып алыптыр го, булар кыргыз эмес.

  2. Роза

    30.08.2022 23:01

    Андан коро бала бакча салса ошол пайда го

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM