Биз менен байланышыңыз

Курсанттар катышкан жол кырсыгы боюнча кылмыш иши козголду

Кыска кабар | 29 Авг 2022 | 309 | 0

Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Аскер институтунун курсанттары катышкан жол кырсыгы боюнча кылмыш иши козголуп, кызматтык иликтөө иши жүрүүдө. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

28-августта Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Аскер институтунун курсанттары аскердик ант бергенден кийин «Ата-Бейит» улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинин аймагында жол кырсыгына кабылышкан.

Кырсыктан 9 аскер ар кандай жараат алган. Учурда курсанттардын абалы канааттандырарлык. Жабыркаган курсанттардын дарылануусуна, медициналык текшерүүгө жана операцияга тиешелүү жардам көрсөтүүдө.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM