Биз менен байланышыңыз

Акыркы суткада өлкө боюнча 25 өрт катталды

Кыска кабар | 29 Авг 2022 | 145 | 0

Акыркы бир сутка ичинде республиканын аймагында 25 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, өрттү өчүрүүгө 25 бөлүм тартылган.

Алар Бишкек шаарында 6, Жалал-Абад облусунда 4, Чүй облусунда 7, Ош облусунда 4, Ош шаарында 1, Баткен облусунда 2, Ысык-Көл облусунда 1 өрт кырсыгы катталган. 

Ошондой эле куткаруучулар Ош шаарында Масалиев көчөсүндө жайгашкан  үйдүн 2-батиринин бекилип калган эшигин ачып беришкен. Эшик ачууга Ош шаардык куткаруу кызматынан 4 куткаруучу тартылган.

Мындан сырткары куткаруу кызматы Бишкек-Ош унаа жолунун 129-чакырымында К.Көлбаев атындагы тоннелдин ичинде бузулуп, туруп калган «Ауди-100» үлгүсүндөгү унааны сүйрөтүп чыгарып беришкен.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM