Акыркы бир сутка ичинде республиканын аймагында 25 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, өрттү өчүрүүгө 25 бөлүм тартылган.
Алар Бишкек шаарында 6, Жалал-Абад облусунда 4, Чүй облусунда 7, Ош облусунда 4, Ош шаарында 1, Баткен облусунда 2, Ысык-Көл облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.
Ошондой эле куткаруучулар Ош шаарында Масалиев көчөсүндө жайгашкан үйдүн 2-батиринин бекилип калган эшигин ачып беришкен. Эшик ачууга Ош шаардык куткаруу кызматынан 4 куткаруучу тартылган.
Мындан сырткары куткаруу кызматы Бишкек-Ош унаа жолунун 129-чакырымында К.Көлбаев атындагы тоннелдин ичинде бузулуп, туруп калган «Ауди-100» үлгүсүндөгү унааны сүйрөтүп чыгарып беришкен.