Биз менен байланышыңыз

Сузак районунда 225 орундуу жаңы мектеп пайдаланууга берилди

Кыска кабар | 28 Авг 2022 | 257 | 0

Кечээ Сузак районуна караштуу Боз-Чычкан айылында №85 «Ынтымак» орто мектебинин курулушу аяктап, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, эми аталган айыдын окуучулары жаңы окуу жылында заманбап үлгүдөгү мектепте билим алышат.

Мектеп 225 орунга ылайыкташтырылып, билим алуудагы бардык шарттар түзүлгөн: спорт залы, жыйындар залы, китепкана, ашкана, дарылоо кабинети бар.

Билим уясын куруу маселеси айыл элинин суроо-талаптарынын негизинде Камчыбек Ташиев тарабынан демилгеленген. Курулуш иштери жергиликтүү бийликтин көзөмөлү астында 2 жылда бүткөрүлгөн. Каражатты «Ас- Санабил» кайрымдуулук фонду бөлгөн. Мындан сырткары, өкмөттөн 2 млн сом имараттын ички жасалгасына жана мектептин айланасын көрктөндүрүүгө жумшалган.

«Ынтымак» орто мектебинде 28 мугалим 285 балага тарбия берип келет. Алар буга чейин авариялык абалдагы мектепте билим алып келишкен. Имараттын курулуш иштери эки жылга созулгандыктан мектеп окуучулары жана мугалимдери бир жыл Барпы айыл өкмөтүнүн Т.Темирбаев орто мектебине көчүрүлгөн болчу.

Белгилей кетсек, Барпы айыл өкмөтүндө 12 мектеп, 6 бала бакча бар. Учурда анын төртөө авариялык абалда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM