Connect with us

Бишкектеги соода борбордун жер төлөсүндө табылган граната жараксыз болгон

Кыска кабар | 28 Авг 2022 | 175 | 0

«Азия Молл» соода борборунун жер төлөсүндөгү унаа жуучу жайында «Тойота Камри» унаасынын астынан табылган граната жараксыз болгон. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 11-август күнү болжол менен саат 13:55 чамасында аталган соода борбордун жер төлөсүндө «Тойота Камри» маркасындагы автоунаасынын алдынан РМД-5 гранатасына окшош металл буюм табылган жана глушителине зым менен бекитилгендиги аныкталган.

Изилдөөгө чейинки текшерүүнүн жүрүшүндө экспертиза дайындалып, анын корутундусуна ылайык, РМД-5 гранатасынын корпусу жана УЗРГМ от алдыруу: күжүрмөн, ок-дары болуп саналат, конструкцияда тротил жана тетрил жарылуучу заттар бар, заводдук ыкма менен даярдалган, кайра заряддалууга дуушар болгон эмес, бирок колдонууга жараксыз, сыноолордо «баш тартуу» берилген. Башкача айтканда, граната күжүрмөн аракетке келтирилиши мүмкүн эмес, буга байланыштуу бул факт боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 139-беренесинин («Өмүргө жана ден соолукка коркунучтуу зомбулукту колдонуу менен коркутуу») фактысы боюнча кылмыш иши козголгон.

Бул кылмыштын бетин ачууга багытталган зарыл тергөө жана ыкчам-издөө иш-чаралары улантылууда, анын жыйынтыгы боюнча процесстик чечим кабыл алынат.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM