Биз менен байланышыңыз

Бишкекте аскердик ант берген курсанттар жол кырсыгына кабылды

Кыска кабар | 28 Авг 2022 | 628 | 0

Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Аскер институтунун курсанттары аскердик ант бергенден кийин «Ата-Бейит» улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинин аймагында жол кырсыгына кабылышты. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

«Ар кандай жараат алган 9 жабырлануучу биринчи жардам көрсөтүлгөндөн кийин Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун медициналык мекемелерине жаткырылды, калгандары аскер госпиталында аскер дарыгерлеринин көзөмөлүндө, абалдары канааттандырарлык», — деп айтылат маалыматта.

Аталган факты боюнча кызматтык иликтөө дайындалып, окуянын чоо-жайы иликтенүүдө.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM