Биз менен байланышыңыз

Ташкент-Бишкек аба каттамдарынын рейси көбөйтүлдү

Кыска кабар | 27 Авг 2022 | 197 | 0

Uzbekistan Airways компаниясы Кыргызстанга болгон аба каттамдарын көбөйттү.

Авиакомпания билдиргендей, Ташкент – Бишкек – Ташкент багыты боюнча кошумча каттамдар 14, 21 жана 28-сентябрда аткарылат.

Ташкенттен 13:00дө учуп чыгып, Бишкекке 15:10до конот, ал эми Бишкектен учак 16:30да учуп чыгып, Ташкентке 16:50дө конот.

Эми Ташкент — Бишкек — Ташкент багыты боюнча аба каттамы жумасына төрт жолу — дүйшөмдү, шаршемби, бейшемби жана ишемби күндөрү аткарылат.

Буга чейин Өзбекстандан Бишкекке аба каттамы жумасына эки ирет гана аткарылып келген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM