Биз менен байланышыңыз

Кытайдагы кургакчылык: суусу тартылган дарыялар (фото)

Блог , Дүйнө | 27 Авг 2022 | 1177 | 0

Кытай соңку алтымыш жылдагы эң ысык жайды башынан өткөрүп жатат. Евразиянын эң ири дарыясы Янцзиге куйган ондогон дарыялар жана суулар кургап кетүүдө.

Кытайда да Европадагы сыяктуу 2022-жылдын жайы кургак жана аномалдуу ысык менен коштолууда. Натыйжада ондогон дарыялар кургап, айрым ишканалар ишмердүүлүгүн токтотту. Ошондой эле ГЭСтерге суу аз топтолуп, электр энергияга чектөөлөр киргизилди. Мындан сырткары жүктөрдү кеме менен жеткирүүдө да үзгүлтүк болуп, мөмө-жемиштердин баасы да кымбаттады. Төмөндө суу тартыштыгы Кытайга кандай даражада таасир бергени чагылдырылган сүрөттөрдүн топтому:

Янцзи дарыясынын эң ири агымы Жиалинг дарыясынын Чунциндеги көрүнүшү
2022-жыл, 25-август.
Noel Celis / AFP / Scanpix / LETA
Кытайдын түштүк-чыгышындагы Цзяньси провинциясындагы Поянху көлүнүн ортосундагы аралда жайгашкан сыйынуучу жер. 2022-жыл, 24-август.
Фото: Thomas Peter / Reuters / Scanpix / LETA
Кытайдын борбордук бөлүгүндөгү Чунцин шаарындагы Жиалинг дарыясынын кургап калган бөлүгү. Жиалинг — Янцзи дарыясынын эң ири агымы болуп, эки дарыя Чунцинде кошулат.
Фото: EPA / Scanpix / LETA
Чунциндаги Жиалинг дарыясынын өзөнүндо ойноп жүргөн балдар. 2022-жыл, 21-август.
Фото: EPA / Scanpix / LETA
Чунцин муниципалитетинин  34 округунда 66 дарыя жана өзөндөр куруп калган.
Фото: EPA/Vostock-photo
Чунциндеги Жиалинг дарыясындагы суунун көлөмүн өлчөөчү устунду боёп жаткан жумушчулар.
2022-жыл, 21-август
EPA / Scanpix / LETA
Чунциндеги куруп калган апельсиндер. 2022-жыл, 25-август
Noel Celis / AFP / Scanpix / LETA
Цзянси провинциясындагы токойдо чыккан өрт. 2022-жыл, 25-август
Thomas Peter Reuters / Scanpix / LETA
Кытайдын эң ири көлдөрүнүн бири Поянху. Бул көл кургакчылыктан улам суусу куруй баштаган.
2022-жыл, 24-август.
Thomas Peter Reuters / Scanpix / LETA
Шанхайдагы Хуанпу дарыясынын жээги. Азыр Кытайда бир катар шаарларда электр жарыгын үнөмдөө үчүн чектөөлөр бар. Буга ГЭСтердеги суунун көлөмү азайганы себеп болгон.
Фото: Hector Retmal / AFP / Scanpix / LETA
Мурун бул жар Янцзи сууларынын астында калчу. Чунцин. 2022-жыл, 19-август.
Mark Schiefelbein / AP / Scanpix / LETA
Янцзи дарыясынын Ухан шаарынан өткөн бөлүгүндө сууга чөмүлүп жаткан киши, 2022-жыл, 10-август. Фото: Getty Images
Цзянси провинциясындагы Поянху көлү быйыл мурункуга салыштырмалуу 25%га куруган.
Фото: CFOTO/Future Publishing via Getty Images
Кытай бийлиги алгачкы жолу 2020-жылы өлкөдө айыл чарба жерлери жана токойлордо кургакчылык катуу болорун жарыялаган болчу.
Фото: Shen Junfeng/VCG via Getty Images
Ухандагы — Янцзи дарыясынын негизги бөлүгү өткөн жерде адистер суунун кеңдиги 17,54 м экендигин аныкташты. Бул мурунку жылдарга салыштырмалуу 6 метрге кыскарган.
Фото: Getty Images
Сиучан жана Хубэй провинцияларынын башчылары катуу ысык айыл чарбадагы миңдеген гектар жерлерди иштен чыгарганын маалымдады.
Фото: VCG/VCG via Getty Images
Кытайдын түштүгүндө июль айынын башынан бери катуу ысык болуп жатат.
Фото: EPA/Vostock-photo
Кытай бийлиги аномалдуу ысык шартында эгиндерди жасалма жамгыр менен сактап калуу аракетин көрүүдө.
Фото: CFOTO/Future Publishing via Getty Images

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM