Биз менен байланышыңыз

Франция президенти ысырапкорчулукту токтотууга чакырды

Дүйнө , Кыска кабар | 25 Авг 2022 | 499 | 0

Франциянын президенти Эммануэл Макрон төгүлүп-чачылып, ысырапкерчилик менен жашаган доор аяктаганын, өкмөттүн кезектеги жыйынында билдирди.

«Глобалдык ысыктын терс кесепеттеринн таасири барган сайын катуу сезиле баштады. Бул жылкы кургакчылык рекорддук чекке жетти», — деген француз президенти.

«Биз көп жылдардан бери арзан, такыр түгөнбөгүдөй тамак-аш, сууну төгүп-чачып жашаган доордун аягына келдик», — деп кошумчалаган Макрон. Анын пикиринде Франция жана Европа үчүн жаңы доор башталды. Бир гана тамак-аш эмес, жер ресурстары, кен-байлыктар, мунай өнүмдөрү ж.б да тартыш болорун эскертти. Мындан улам, ал калкты ысырапкорчулук токтотууга чакырып, өкмөткө ыкчам чара көрүү иштерин тапшырды.

Белгилей кетсек, 2022-жылдагы кургакчылыктын айынан франциялык фермерлер түшүмүнүн дээрлик 35%ын жоготкон.

Францияда кургакчылыктан улам жашылча-жемиштердин түшүмдүүлүгү 35%га азайды

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM