Биз менен байланышыңыз

Францияда кургакчылыктан улам жашылча-жемиштердин түшүмдүүлүгү 35%га азайды

Дүйнө , Кыска кабар | 17 Авг 2022 | 368 | 0

Францияда кургакчылыктан улам жашылча-жемиштердин түшүмдүүлүгү 35%га азайды. Бул тууралуу Франциянын жашылча өндүрүүчүлөр улуттук бирикмесинин президенти Жак Рушассе айтып чыкты.

«Быйылкы түшүмгө зыян тийди. Биз азыр зыянды 25-35% деп эсептеп жатабыз. Азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо үчүн сугат сууга коюлган чектөөлөрдү дагы да жакшыраак карап чыгуу керек», — деген Рушассе.

Ал азыркы күндө Франция жашылчалардын ар бир экинчи түрү импорт болуп жатканын айтып, мамлекетти жергиликтүү дыйкандарга колдоо көрсөтүүгө чакырды.

«Метео-Франс» метеокызматынын маалыматына караганда, 2022-жылдын июль айы өлкө тарыхындагы экинчи эң ысык ай болду. Натыйжада кургакчылык келип чыгып, франциялык дыйкандардын түшүмүнө таасир берди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM