Биз менен байланышыңыз

Бишкекте мектеп директорлорунун тандоо сынагы 30-августта өтөт

Кыска кабар | 25 Авг 2022 | 127 | 0

Билим берүү жана илим министрлиги 30-августта Бишкекте мектеп директорлорунун бош кызмат орундарына конкурстук тандоо жүрөрүн кабарлады.

Бишкек шаары боюнча жалпы 62 бош орун бар.

Талапкерлердин документтерин кабыл алуу 26-августта аяктайт.

Белгилей кетсек, буга чейин президенттин жарлыгы менен 5 жылдан ашык иштеген мектеп директорлору ээлеген кызматынан бошотулары айтылган. Июль айынын аягында өлкө боюнча 966 мектептин директорлук кызматына сынак жарыяланган.

Мектеп директорлорун тандоо сынагы буга чейин Баткен, Жалал-Абал, Нарын, Ош, Талас, Чүй жана Ысык-Көл облустарында өтүп, мектеп директорлорунун бош кызмат орундарына конкурстук тандоодон өткөн жеңүүчүлөрү аныкталган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM