Билим берүү жана илим министрлиги 30-августта Бишкекте мектеп директорлорунун бош кызмат орундарына конкурстук тандоо жүрөрүн кабарлады.
Бишкек шаары боюнча жалпы 62 бош орун бар.
Талапкерлердин документтерин кабыл алуу 26-августта аяктайт.
Белгилей кетсек, буга чейин президенттин жарлыгы менен 5 жылдан ашык иштеген мектеп директорлору ээлеген кызматынан бошотулары айтылган. Июль айынын аягында өлкө боюнча 966 мектептин директорлук кызматына сынак жарыяланган.
Мектеп директорлорун тандоо сынагы буга чейин Баткен, Жалал-Абал, Нарын, Ош, Талас, Чүй жана Ысык-Көл облустарында өтүп, мектеп директорлорунун бош кызмат орундарына конкурстук тандоодон өткөн жеңүүчүлөрү аныкталган.