Биз менен байланышыңыз

Жаңы iPhone 14 смартфонунун болжолдуу баасы айтылды

Дүйнө , Кыска кабар | 24 Авг 2022 | 2265 | 0

Аpple компаниясы 7-сентябрда iPhone 14 смартфонунун жаңы моделдеринин презентациясын өткөрөт. Ал эми сатыкка чыгаруу 16-сентябрга белгиленген. Бул тууралуу Bloomberg басылмасы жеке булактарына таянып жазды.

Ошондой эле, презентацияда жаңы Mac компьютерлери , iPad планшеттери жана Apple Watch акылдуу сааттарынын үч жаңы модели да кардарлардын сынына коюлат.
Ал эми социалдык тармактарда жайылган мааалыматтарга таянсак, iPhone 14 моделдеринин баалары төмөнкүдөй болору күтүлүүдө:
  • iPhone 14 – 799 доллар;
  • iPhone 14 Plus – 899 доллар;
  • iPhone 14 Pro –1099 доллар;
  • iPhone 14 Pro Max –1199 доллар.

Эскертүү: Бул болжолдуу баалар АКШ рыногуна ылайыкталып, кошумча нарк салыгысыз көрсөтүлгөн. Ал эми Аpple компаниясы жаңы смартфондор линиясынын баалары тууралуу расмий билдирүү жасай элек.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM