Өзбекстандын Андижан облусунун башчысынын калкты кабыл алуудагы жоругу сынга кабылды.
Тактап айтканда, Андижан облусунун акими Абдужаббар Эгембердиев ушул жумада калктын көйгөйүн угуу үчүн кабыл алууну белгилеген. Кабыл алуу шаардагы парктардын бириндеги эс алуучу жайга уюштурулуп, бирок арыз-муңун айтып келгендерди өзүнөн бир канча метр алыска отургузган. Анын бул аракетин узнет колдонуучулары сындап, карапайым калкка карата басмырлоо деп баалаган.
Сүрөттө көрүнүп тургандай, облус акими өзү үстү жабык жайда жайгашып, ал эми кабыл алууга келген жарандар обочо жерде коюлган отургучка отурган. Бул сүрөттөр сынга кабылган соң, акимияттын басма сөз кызматы билдирүү жасап, «жарандарды алысыраак жайга отургузуу коронавирус инфекциясынан улам социалдык дистанцияны сактоо үчүн», — деп түшүндүргөн.
Өзбекстандагы кургакчылык: мүнөт сайын 9 чарчы метр жер чөлгө айланууда