Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандын бардык мечиттеринде Ульяновсктогу кырсыкта каза болгондорго багышталып куран окулат

Кыска кабар | 23 Авг 2022 | 351 | 0

Бүгүн Кыргызстандагы бардык мечиттерде Орусиянын Ульяновск облусунда жол кырсыгында каза болгон мекендештерге багышталып куран окулат. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы маалымдады.

Кыргызстандын муфтийи Замир кары Ракиев 13:30да (бешим намазы) Бишкектеги эски борбордук мечитте дин кызматкерлери тарабынан окулган хатм куранды маркумдарга багыштап дуба кылат.

Эскерте кетсек, бүгүн, 23-август Кыргызстанда аза күтүү күнү деп жарыяланып, Орусиядагы жол кырсыгында шейит кеткен мекендештер эскерилүүдө.

Алардын сөөгү бүгүн Бишкек убактысы боюнча саат 17:40та Ош аба майданына алып келинери күтүлүүдө.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM