Бүгүн, 22-августта Бишкекте спортчуларга ай сайын берилүүчү 500 долларлык стипендия тапшырылды. Стипендия 2022-жылдын 1-майынан 2024-жылдын 31-августуна чейин 15 кыргызстандык спортчуга каралган.
Кыргызстандын Улуттук олимпиада комитетинин президенти Садыр Мамытов стипендияга ээ болгон спортчуларды куттуктап өттү.
«Стипендиянын санын 10дон 15ке жеткире алдык. Каражатты балдар-кыздарыбыз 2024-жылы өтө турган Париж Олимпиадасына чейин алышат. Ал өз учурунда спортчулардын аталган мелдешке мыкты даярданышына өбөлгө түзөт», — дейт ал.
Эскерте кетсек, стипендия 1-майдан баштап берилмек, бирок каражаттын кечеңдешинен улам сертификаттар бүгүн берилди.
Стипендияга татыктуу болгон спортчулардын тизмеси:
1.Акжол Махмудов – грек-рим күрөшү;
2.Жоламан Шаршенбеков – грек-рим күрөшү;
3.Алибек Осмонов – эркин күрөш;
4.Бекболот Мырзаназар уулу – эркин күрөш;
5.Эрназар Акматалиев – эркин күрөш;
6.Айсулуу Тыныбекова – кыз-келиндер күрөшү;
7.Мээрим Жуманазарова – кыз-келиндер күрөшү;
8.Айпери Медет кызы – кыз-келиндер күрөшү;
9.Кальмира Билимбекова – кыз-келиндер күрөшү;
10.Владимир Золоев – дзюдо;
11.Нурсултан Кеңешбеков – жеңил атлетика;
12.Гүлшаной Сатарова – жеңил атлетика;
13.Денис Петрашов – сууда сүзүү;
14.Бекдөөлөт Расулбеков – оор атлетика;
15.Нурадин Рустамбек уулу – бокс.
Иш-чарага Бекдөөлөт Расулбеков белгисиз себептерден улам келе алган жок.