Биз менен байланышыңыз

Ош шаарында жалпы ишембилик өткөрүлдү

Кыска кабар | 20 Авг 2022 | 240 | 0

Бүгүн, 20-августта Ош шаарынын аймагында 31-август Эгемендүүлүк күнүнө карата жалпы ишембилик уюштурулуп, ага мекеме-ишканалардын, муниципалдык аймактык башкармалыктардын эмгек жамааттары жана калаа тургундары чыгышты.

Ишембиликтин жүрүшүндө ар бир мекеме-ишканалар өздөрүнө бекитилген аймактарда санитардык тазалоо жумуштарын жүргүзүшсө, жашоочулар көп кабаттуу үйлөрдүн короолорундагы өсүп кеткен чөптөрдү оруп, тазалашты.

Ал эми чогултулган 2000 куб таштанды «Ош-Тазалык» жана «Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты» муниципалдык ишканалары ташып чыгарды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM