Биз менен байланышыңыз

Жарым жылда микрокредиттик уюмдар тарабынан 17,4 млрд сом насыя берилди

Кыска кабар | 19 Авг 2022 | 113 | 0

Быйыл жарым жылда микрокредиттик уюмдар тарабынан 17,4 млрд сом өлчөмүндө насыя берилди. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Муну менен бирге алуучулардын саны 298 миңге жакын адамды түзгөн. Насыя алган калктын саны өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда 9,5%га, ал эми берилген насыянын көлөмү — 1,7% азайган.

Микрокредиттердин эң көп суммасы Бишкек шаарында жана Ош (18%), Чүй (16%),  Жалал-Абад (14%дан ашык) облустарында берилген.

Үстүбүздөгү жылдын I жарым жылдыгында берилген микрокредиттердин жалпы көлөмүнүн 42% керектөөчүлүк муктаждыктарга берилсе, 28%ы айыл чарбадагы ишмердүүлүктү өнүктүрүүгө багытталган.

Муну менен бирге өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда керектөөчүлүк муктаждыктарга берилген микрокредиттердин үлүшүнун олуттуу көбөйүшү — 9,8% дык пунктка байкалды, ал эми айыл чарбасына берилген микрокредиттердин үлүшү, тескерисинче, 4,9 %дык пунктка кыскарды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM