Биз менен байланышыңыз

Муфтият ажылыкка кезекке тургандарды акчасын кайтарып алууга чакырды

Кыска кабар | 18 Авг 2022 | 273 | 0

Бүгүн, 18-августта муфтият 2019-2020-2022-жылдары ажылыкка катталып, бирок акчасын бүгүнкү күнгө чейин ала элек талапкерлерге кайрылды.

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы ушул жылдагы ажылыкты уюштуруу боюнча убактылуу республикалык штабынын чечимине ылайык, 2019-2020-2022-жылдары ажылыкка катталып, кезек күтүп, акчасын ала элек талапкерлер ажылык сапар үчүн төлөнгөн акчаларын кайтарып алуусун өтүнөт.

Муфтият ошондой эле акчасын кайтарып алган жарандардын кезеги сакталып кала тургандыгын кошумчалаган.

Эки жылдык тыныгуудан кийин Сауд Аравия чет элдиктердин да ажылык парзын аткарып кетүүсүнө уруксат берди. Кыргызстанга 2766 квота бөлүнгөн. Быйылкы ажылыкка 2020-жылы электрондук кезек алып, бирок пандемияга байланыштуу сапары токтотулган жарандар барышты.

Сауд Аравиянын Ажылык жана умра министрлиги 2020-жылы Кыргызстанга 6000 квота бөлгөн. Анын 500ү уюштуруу штабына берилген. Ажылык сапардын баасы 3350 доллар деп белгиленип, барууну каалагандардан жалпы 18 млн 400 миң долларга жакын акча чогулган. Бирок ошол жылы дүйнө жүзүндө пандемия күч алып, сапар токтотулган.

Copyright © 2017 Maral FM