Биз менен байланышыңыз

Армения: соода борбордогу жарылуудан улам каза болгондордун саны 15ке жетти

Дүйнө , Кыска кабар | 16 Авг 2022 | 513 | 0

Армениянын борбору Еревандагы «Сурмалу» соода борборундагы жарылуудан улам каза болгондор саны 15ке жетти. Бул тууралуу Армениянын өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдады.

Издөө жана куткаруу иштеринин натыйжасында 15 адамдын сөөгү табылып, 6 кишинин өздүгү такталган. Ал эми 9 адамдын ким экени аныктала элек.

Ал эми 60тай адам жабыркап, Еревандагы ооруканаларга кайрылган.

Буга чейин Армения бийлиги «Сурмалу» соода борборундагы жарылуудан улам 18 адам дайынсыз жоголгонун билдирген. Алардын экөө башка өлкөнүн жарандары. Жарылуунун келип чыгуусуна пиротехникалык каражаттар сакталган кампадагы өрт себеп болгон.

Жапаров Армениянын президентине Еревандагы жарылууга байланыштуу көңүл айтты

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM