Биз менен байланышыңыз

Жапаров Армениянын президентине Еревандагы жарылууга байланыштуу көңүл айтты

Кыска кабар | 15 Авг 2022 | 209 | 0

Президент Садыр Жапаров Армениянын президенти Ваагн Хачатурянга «Сурмалу» соода борборундагы жарылуунун кесепетинен адамдардын каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу Президенттик администрациядан билдиришти.

«Арменияда «Сурмалу» соода борборундагы жарылуунун кесепетинен адамдар каза болуп, жабыркады жана имарат жайлар талкаланды деген кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Кыргыз элинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөм.

Жабыркагандардын тез арада айыгып кетүүсүн каалайм» — деп айтылат президенттин телеграммасында.

Кечээ, 14-августта Армениянын борбору Еревандагы соода борборунда катуу жарылуу болгон. Жарылуудан кийин өрт чыкканы, урандылардын астында калгандар бар экени жарыяланган. Эл аралык басылмалар билдиргендей, жарылуудан бир киши өлүп, 26 адам жаракат алган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM