Биз менен байланышыңыз

Toyota Улуттук олимпиада комитетине үч унаа белек кылды

Кыска кабар , Спорт | 15 Авг 2022 | 3513 | 0

«Тойота Мотор Казахстан» компаниясы Кыргызстандын Улуттук олимпиада комитетине үч даана Land Cruiser Prado унаасын белек кылды. Бул тууралуу аталган компаниядан билдиришти.

Маалыматка караганда, унаалар комитеттин иштери үчүн колдонулмакчы.

2018-жылы кол коюлган «Тойота Мотор Казахстан» менен Кыргызстандын Улуттук олимпиада комитетинин ортосундагы кызматташуу тууралуу меморандумга ылайык, аталган компания 2024-жылга чейин Кыргызстандын олимпиада курамасын эл аралык мелдештерде колдоосун уланта берет.

Аталган компания Кыргызстандын Улуттук олимпиада комитети менен кызматташууга ынтызар экендигин билдирген.

Унааны тапшырып берүү салтанатында аталган комитеттин президенти Садыр Мамытов катышып, «Тойота Мотор Казахстан» менен кызматташуу ийгиликтүү жүрүп жатканын белгилеген.

Эскерте кетсек, буга чейин аталган компания Улуттук олимпиада комитетине Land Cruiser 200, Camry жана Hiace унааларын белек кылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM