Биз менен байланышыңыз

Сеулда катуу жаандын кесепетинен каза болгондордун саны 14кө жетти

Дүйнө , Кыска кабар | 14 Авг 2022 | 375 | 0

Түштүк Кореянын борбору Сеул шаары жана анын айланасы катуу жаан-чачындын айынан суу астында калды. 8-август күнү башталган мындай жаанчыл аба-ырайы Сеулда соңку 80 жылда каттала элек болчу.

Түштүк Кореянын бийлиги кырсыктын кесепетинен каза болгондордун саны 9дан 14кө жеткендигин билдирди. Учурда жаратылыш кырсыгынан 5 киши дайынсыз болууда. Ошондой эле 18 киши ар түрдүү жаракат алышкан.

8-августтан 10-августтун таңына чейин Сеулда 525 миллиметр жамгыр жааган. 3 миңдей имаратты суу каптаган. 7,5 миңге жакын адам эвакуацияланган. 11-августта гана өлкөнүн көпчүлүк аймагында күн ачык болгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM