Түштүк Кореянын борбору Сеул шаары жана анын айланасы катуу жаан-чачындын айынан суу астында калды. 8-август күнү башталган мындай жаанчыл аба-ырайы Сеулда соңку 80 жылда каттала элек болчу.
Түштүк Кореянын бийлиги кырсыктын кесепетинен каза болгондордун саны 9дан 14кө жеткендигин билдирди. Учурда жаратылыш кырсыгынан 5 киши дайынсыз болууда. Ошондой эле 18 киши ар түрдүү жаракат алышкан.
8-августтан 10-августтун таңына чейин Сеулда 525 миллиметр жамгыр жааган. 3 миңдей имаратты суу каптаган. 7,5 миңге жакын адам эвакуацияланган. 11-августта гана өлкөнүн көпчүлүк аймагында күн ачык болгон.